Кош-Дөбөдөгү «Калыйкан апа» бала бакчасы жаңы имаратка муктаж

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун алыскы Кош-Дөбө айылындагы «Калыйкан апа» балдар бакчасы бөбөктөр үчүн өз эшигин ачты. Быйылкы окуу жылына карата кичинекейлер тайпасына 28 бала, чоң тайпага 30 бала кабыл алынды. Ар бир ата-эне балдары үчүн ай сайын 400 сомдон төлөшөт.

Бала бакчанын жетекчиси Гүлзина Касымованын айтымында, оңдоп-түзөө иштеринен сырткары, бала бакчаны жылытуу үчүн от казан (топка) курулуп жатат. Ал ошондой эле балдар үчүн турак жайдын тардыгы, мектеп имаратынын бир бөлүгү бала бакча болуп, көптөгөн бөбөктөр кезекте турганы чоң көйгөй экенин айтып өттү. «Жаңы имарат курулса, көп наристе бала бакчага тартылат эле», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up