1-октябрдан баштап Кара-Көлдөгү мектептерде окуучуларга ысык тамак бериле баштайт

1-октябрдан баштап Кара-Көлдөгү мектептерде окуучуларга ысык тамак бериле баштайт

Билим АКИpress - 1-октябрдан тартып Кара-Көл шаарындагы мектептердин башталгыч класстарына ысык тамак бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди.

Маалым болгондой, 5-сентябрда шаардагы №1, №2, №3, №4 жана №5 мектептерге окуучулардын санына жараша 400 миң жана андан ашык суммадагы акча каражаттарына ашкана жабдыктары келет. Буга чейин аталган мектептерде окуучулардын ата-энелери менен жолугушуулар өтүп, алардын макулдугу, колдоосу астында ар бир мектептин ашканасы санитардык стандартка жараша оңдоп- түзөөдөн өткөрүлдү.

«Ашкана жабдыктары «МерсиКо» компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде, эки тараптын шарттарын эске алуу менен аткарылды. Аталган компания ашпозчуларды атайын тамак-аш жасоочу курстардан өткөрүп окутушту. Ошондой эле алар ашкана жабдыктарынан муздаткыч, камыр жууругуч, плита жана башка керектүү жабдыктарды беришүүдө. Мындан сырткары, аталган компания ун, гречка, май, күрүч азыктары менен камсыздашат. Калган тамак-ашка керектүү азыктар үчүн тендер жарыяланат. Меню түзүлгөндөн кийин, 1-октябрдан тартып 1- класстан 4-класска чейин бир маал ысык тамак бериле баштайт», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up