Баткендеги Ж.Бөкөнбаев мектебине жаңы окуу жылында 500 китеп алынат

Баткендеги Ж.Бөкөнбаев мектебине жаңы окуу жылында 500 китеп алынат

Билим АКИpress - Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебине жаңы окуу жылында ата-энелердин демилгеси менен түзүлгөн Камкорчулар кеңеши тарабынан 500 китеп алынат. Бул тууралуу аталган мектептин китепканачысы Махабат Сатыбаева маалымдады.

«1 окуучуга ата-энелер 900 сомдон акча чогултушкан. Эгерде бир үй-бүлөдө 2 же андан көп бала окуса, 1 эле балага акча төлөнөт», - дейт ал.

Китепкана быйылкы окуу жылында 1-класстан 6-класска чейин стандарттык китептерге муктаж. Бул китептердин 30%ы камсыздалган. Алдыда дагы китептерди алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Былтыркы окуу жылында Камкорчулар кеңеши тарабынан мектепке 2-класстар үчүн 500гө жакын китеп алынып, 2-класстын окуучулары толугу менен окуу китептери менен камсыз болгон. Буга чейин да Камкорчулар кеңеши 1-класстан 11-класска чейинки китептер менен камсыз кылып келишкен.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up