Улуттук илимдер академиясы аспиранттарды кабыл алат

Улуттук илимдер академиясы аспиранттарды кабыл алат

Билим АКИpress - 2018-2019-жылдарга карата күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө арыздар 2018-жылдын 10-сентябрынан 12-октябрына чейин кабыл алынат. Кабыл алуу сынактык негизде жүрүп, ага жогорку билимдүү адистик диплому же магистр даражасы бар Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Окутуу мөөнөтү күндүзгүсү — 3 жылды жана сырттан окуу — 4 жылды түзөт.

Окууга кабыл алынуучулар төмөнкү дисциплиналар боюнча сынак тапшырышат:

- атайын дисциплина;
- чет тили (англ./немец.);
- тарых жана илим философиясы;
- кыргыз тили.

Тапшыруу сынактары 2018-жылдын 22-октябрында башталат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up