Улуттук университеттин 100 студенти III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышты

Улуттук университеттин 100 студенти III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышты

Билим АКИpress - Кыргыз улуттук университетинин 100 студенти III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышты. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.

100 студенттин ичинен 20сы барабан, керней-сурнай ойноодо алек болсо, «Жылдыздар бийин» бийлөөгө 30 студент катышты, ал эми 50 студент ооз комузда кол ойнотушту. КУУнун студенттери ошондой эле «Манас» айтууда да камтылды.

Эл аралык масштабдуу этно-долбоордун иш-чараларына катышкан студенттер жол кире, жатакана, төрт маал ысык тамак менен камсыздалып, алардын жүрүм-турумун, коопсуздугун камсыздоо үчүн атайын кураторлор дайындалган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up