Ошто билим берүү сапаты боюнча Өзгөн шаары артта калды

Билим АКИpress - Улуттук тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде район, шаарлардын билим деңгээлдери аныкталган. Натыйжада Өзгөн шаары, Өзгөн жана Араван райондору салыштырмалуу акыркы орундарда калышты. Бул маалыматты Ош билим берүү институнун директорунун орун басары Асан Артыкбаев маалымдады.

Ал эми Өзгөн шаарынын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурилло Шамаматов тил маселесинен улам, окуучулар жогорку упай албай жатканына токтолду. «Өзгөн шаары боюнча жалпы 8 мектеп бар. Анын ичинен 5 мектепте окутуу өзбек тилинде жүргүзүлөт, 2 мектеп кыргыз тилдүү жана 1 мектеп орус тилинде билим берет. Биздин негизги маселебиз — тил маселеси болуп жаткандыктан, тестирлөөдө кыйналып жатабыз. Кемчиликтерди жоюу максатында быйыл кыргыз тили жана орус тилдерине басым жасалат. Быйылкы жылы 340 окуучу мектепти бүтүрүп, анын 217си жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан. Алардан 69 окуучу босого упайдан өткөн. Ал эми жогорку упай 190 болду. Кыргыз жана орус мектептеринин жыйынтыктары жакшы», - деди ал.

Араван райондук билим берүү бөлүмүнүнүн башкы адиси Жакып Мамажанов жыйынтыктын туура экенине күмөн санаганын айтат. «Биз эмненин негизинде жыйынтык чыгарылганын билбейбиз. Биздин орточо упай айрым райондордон жогору болгон. Эң жогорку упай 189 болсо, эң аз упай 79 болгон. 1063 окуучу мектепти бүтүрүп, анын 352си босого упайга жетпей калган», - дейт ал.

Жалпы район боюнча 54 мектеп бар, анын экөө жеке менчик, калгандары 9-класска чейинки же интернат мектептер. Ж.Мамажановдун айтымында, ушул жылы ар бир айыл өкмөткө атайын ЖРТга даярдоо курстары тандалган мугалимдер менен уюштурулат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up