Оштун бала бакчаларына электрондук кезек киргизилди

Оштун бала бакчаларына электрондук кезек киргизилди

Билим АКИpress - Оштун бала бакчаларына электрондук кезек киргизилди. Бул тууралуу 2018-жылдан 6-сентябрында Билим АКИpress сайтына Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын март айында электрондук кезек Бишкектин бала бакчаларына киргизилген.

«Электрондук кезек» (http://balabakcha.edu.gov.kg/ru/) — бул наристеге бала бакчадан орун бөлүп берүү үчүн ошол наристе тууралуу маалыматтарды камтыган электрондук база.

Бала бакчага кирүүгө арыз калтыруу үчүн баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүл сайтка өзү жөнүндөгү форманы (паспорттук маалыматтар, жашаган дареги), баласы тууралуу форманы толтуруп, эгер жеңилдиктер (льгота) болсо, ал тууралуу билдириши керек. Арыз ээсинин электрондук дарегине каттоо тууралуу билдирүү келет.

Бул база балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына орноштурууда коррупциялык схемаларды жоюуга жардам берет, анткени бул акылдуу система кезектеги балдарды жылдыруунун бардык этаптарын караштырат. Электрондук кезек мамлекеттик билим берүү кызматын ишке ашыруу үчүн акысыз программалык продукт болуп саналат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up