Бишкек мэриясынын жанындагы мектепте окуучуларга тыюу салынган азыктарды сатышкан

Бишкек мэриясынын жанындагы мектепте окуучуларга тыюу салынган азыктарды сатышкан

Билим АКИpress - Бишкектеги №2 мектепте тыюу салынган азыктарды сатышкан. Бул тууралуу 5-сентябрда шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы маалымдады. Мектеп мэриядан бир канча метр аралыкта, Билим берүү башкармалыгы менен бир имаратта жайгашкан.

Маалым болгондой, аталган мектептеги тамак-аштарды текшерүү укук коргоочу Анара Дауталиеванын сунушу менен күтүүсүздөн уюштурулуп, ага муниципалитеттин өкүлдөрү катышты. Алар ошондой эле мектептин жанында жайгашкан №28 бала бакчаны текшере кетишти.

Шаардык кызматтар менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мектептерде колонууга жол берилбеген азыктардын категориялыры боюнча бир катар тартип бузуулар аныкталды.

№2 мектепте химиялык жана даамдык кошулмалары бар газдалган суусундуктарды, набат (леденец) жана мармеладдарды сатуу, ошондой эле мектеп менюсунун 20 күндүк айырмачылыктарынын дал келбөө фактылары чыкты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү шаардык кызматтарга №2 мектепте тамак уюштуруудагы тартип бузууларды четтетүү жана жеке жоопкерчиликке тартуу чараларын көрүү тапшырылды.

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, азыркы учурда 1 адамга бөлүнгөн 14 сомдун эсебинен окуучулар күнүнө 1 жолудан акысыз тамак алышат. Мектептик тамак-аштын менюсуна ар кандай дан өсүмдүктөрүнөн ботколор, шекер менен чай же кургатылган жемиштерден компот, нан жана кондитердик азыктар (кекс, вафли, печенье, булочка) кирет», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up