КУУнун профессору президенттик «Алтын сааттын» ээси болду (сүрөт)

КУУнун профессору президенттик «Алтын сааттын» ээси болду (сүрөт)

Билим АКИpress - Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулованын «Алтай тектүү элдердин цивилизациясы» аттуу китеби 2018-жылдын 26-31-август күндөрү Бишкекте болуп өткөн Алтай таануу эл аралык конференциясынын 61-отурумунда окумуштуулардын кызыгуусуна арзып, президенттик «Алтын саатка» татыктуу болду. Бул тууралуу КУУнун басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан бул илимий жыйынга АКШ, Германия, Япония, Россия, Франция, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн 180дей илимпоз, окумуштуулар катышкан. Конференциянын жүрүшүндө Президенттик аппараттын, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү КУУнун профессоруна президенттин сыйлыгын салтанаттуу түрдө тапшырышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up