«Булан институту» мектептик билим берүүдөгү көйгөйлөр боюнча президент С.Жээнбековго кайрылуу жасады

«Булан институту» мектептик билим берүүдөгү көйгөйлөр боюнча президент С.Жээнбековго кайрылуу жасады

Билим АКИpress - «Булан институту» бейөкмөт уюму 5-сентябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Анда мектепте билим берүү системасындагы топтолуп келе жаткан көйгөйлөрдү, айрыкча, айыл жергесиндеги мектептердеги көкөй кескен көйгөйлөрдү, мектеп мугалимдеринин статусун жана социалдык абалын жогорулатуу боюнча маселелерди тез арада чечүү маселеси коюлду.

Кайрылууда «Булан институту» авариялык абалдагы мектептер, республика боюнча окуучулардын мектептерге батпай калгандыгы, билим сапатынын төмөндөө себептери, мектеп курулушундагы коррупция, мектеп мугалимдеринин айлыгы жана социалдык абалы тууралуу сунуштарды айтты.

Булан институту мектепте билим берүү системасы учурда оор абалда экенин, келерки 10-15 жылда кыйроо абалына келип калганын билдирген. Ошондуктан аталган институт президенттен Коопсуздук кеңештин билим берүүгө арналган атайын жыйынын чакырып, мамлекеттик стратегиялык багыты катары белгилөө менен мектеп көйгөйлөрүн чечүү үчүн чукул чараларды кабыл алышын суранган.

Кайрылуунун толук версиясы бул жерде: http://bulaninstitute.org/presidentke-kairyluu/

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up