Алтаистикалык конференцияда дүйнөдөгү түрк тилдери жана өлүүгө айланган тилдер боюнча талкуу жүрдү

Алтаистикалык конференцияда дүйнөдөгү түрк тилдери жана өлүүгө айланган тилдер боюнча талкуу жүрдү

Билим АКИpress - III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2018-жылдын 27-29-август күндөрү Бишкек шаарындагы мамлекеттик резиденциянын «Энесай» ордосунда түрк тилдүү элдердин 61-Эл аралык туруктуу Алтаистика конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу аталган конференциянын катышуучусу Гүлжан Бакирова кабарлады.

Анын айтымында, конференцияга чет өлкөлөрдөн окумуштуулар келип катышып, түрк, азербайжан, алтай, монгол, казак, лакай, япон, кытай, венгер ж.б. тилдерде баяндамалар окулду.

ЖАМУнун кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Г.Бакирова аталган конференциянын «Тилдердин салыштырма изилдөөсү жана лингвокультурология» секциясынын жыйынына катышып, баяндама жасады. Ал тажрыйба алмашуулар болгонун, дүйнөдөгү түрк тилдери жана өлүү тилдерге айланган тилдер боюнча кызыктуу, маанилүү, мазмундуу баяндамалар даярдалганын баса белгиледи.

467_0

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up