Өзгөн жана Араван райондорунда республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында алдыга өсүү бар

Өзгөн жана Араван райондорунда республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында алдыга өсүү бар

Билим АКИpress - Өзгөн жана Араван райондорунда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында алдыга өсүү бар. Бул тууралуу Ош облустук билим берүү институтунун директору Асан Артыкбаев билдирди. Ал райондордун билим сапатынын деңгээли тестирлөө менен гана аныкталбай турганын айтат.

Анын айтымында, Өзгөн шаары, Өзгөн жана Араван райондору былтыркыга салыштырмалуу жогорку упайларды көрсөтүшкөн.

«Быйылкы жылы бир топ өсүү бар, бирок башка райондорго салыштырмалуу босого упайга жетпей калган окуучулар көп. Орточо упай менен алып караганда, Өзгөн шаарында орточо упай 99,7, Өзгөн районунда 109, Араван районунда 109,7 болду. Бул райондордо негизги көйгөй тил маселеси болгондуктан, райондук билим берүү бөлүмдөрү атайын кыргыз тилиндеги курстарды уюштуруп, аракет кылышууда», - деп билдирди Асан Артыкбаев.

Буга чейин улуттук тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде район-шаарлардын билим деңгээлдери аныкталып, натыйжада Өзгөн шаары, Өзгөн жана Араван райондору салыштырмалуу акыркы орундарда калышканы маалымдалган.

Ал эми Өзгөн шаарынын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурилло Шамаматов тил маселесинен улам окуучулар жогорку упай албай жатканына токтолгон. «Өзгөн шаары боюнча жалпы 8 мектеп бар. Анын ичинен 5 мектепте окутуу өзбек тилинде жүргүзүлөт, 2 мектеп кыргыз тилдүү жана 1 мектеп орус тилинде билим берет. Биздин негизги маселебиз — тил маселеси болуп жаткандыктан, тестирлөөдө кыйналып жатабыз. Кемчиликтерди жоюу максатында быйыл кыргыз тили жана орус тилдерине басым жасалат. Быйылкы жылы 340 окуучу мектепти бүтүрүп, анын 217си жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан. Алардан 69 окуучу босого упайдан өткөн. Ал эми жогорку упай 190 болду. Кыргыз жана орус мектептеринин жыйынтыктары жакшы», - деген ал.

Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Жакып Мамажанов жыйынтыктын туура экенине күмөн санаганын айткан эле. «Биз эмненин негизинде жыйынтык чыгарылганын билбейбиз. Биздин орточо упай айрым райондордон жогору болгон. Эң жогорку упай 189 болсо, эң аз упай 79 болгон. 1063 окуучу мектепти бүтүрүп, анын 352си босого упайга жетпей калган», - деп билдирген ал.

Жалпы район боюнча 54 мектеп бар, анын экөө жеке менчик, калгандары 9-класска чейинки же интернат мектептер. Ж.Мамажановдун айтымында, ушул жылы ар бир айыл өкмөткө атайын ЖРТга даярдоо курстары тандалган мугалимдер менен уюштурулат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up