Россия ЖОЖдору менен кыргыз окумуштууларынын ортосундагы байланыштарды калыбына келтирүү талкууланды

Билим АКИpress - УИАнын президенти Мурат Жуматаев Россия элчилигинин биринчи катчысы Виктор Харченко башында турган делегация менен жолукту. Жолугушууда тараптар диссертациялык кеңештер, Кыргызстан менен Россиянын илимдер академияларынын, Россия ЖОЖдорунун жана УИАнын окумуштууларынын ортосундагы байланыштарды калыбына келтирүү, жаңы формаларын иштеп чыгуу жөнүндө маселелерди талкуулашты.

«Биз бул иштер боюнча өзүбүздүн сунуштарды иштеп чыгып, сунуштайбыз. Бажы биримдигине киргенден кийин биздин байланыштар башка, ыңгайлуу деңгээлге өтүшү зарыл. Себеби биз илимий иштер боюнча кээ бир учурда финансылык жана башка чектөөлөргө туш болуп жатабыз. Ошондой чектөөлөрдү азайтуу керек. Мамлекеттер аралык диссертациялык кеңештерди түзүү, Россиянын жана Кыргызстандын окумуштууларын бириктирип турган илимий журнал уюштуруу иштерин караштырып жатабыз», - деди М.Жуматаев.

Ошондой эле жолугушууда бүгүнкү күндүн көйгөйү — жаштарды илимге тартуу да бир топ талкууланды. Жаштарды илимге тартууда Россия менен Кыргызстандын илимдер академияларындагы лабораторияларда иштеген жаштардан убактылуу чыгармачыл жамааттарын түзүү демилгеси жөнүндө кенен сөз болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up