Чүйдөгү мектептерде кырсыктардын тобокелин кыскартуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө (сүрөт)

Чүйдөгү мектептерде кырсыктардын тобокелин кыскартуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Кыргызстанда 5-октябрь — Кырсыктардын тобокелин кыскартуу күнү деп белгиленгендигине байланыштуу Өзгөчө кырдааалдар министрлиги 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрга чейин кырсыктардын тобокелин азайтуунун бир айлыгын жарыялап, Чүй облусунун шаар, райондорунда иш-чаралар өткөрүлө баштады. Бул тууралуу ӨКМ катчылыгынан билдиришти.

«Мындай демилгенин негизги максаты — табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндө билим берүү системасын өркүндөтүү. 6-сентябрь күнү ӨКМнин Чүй
облусу боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан мектептерде жана лицейлерде кырсыктардын алдын алуу боюнча Ачык эшиктер күнү, практикалык окутуулар жана нускамалар өткөрүлүүдө. Анда жаратылыш кырсыктарынан сактануу жана алдын алуу багытында
түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Мындай иш-чаралар Токмок шаарындагы №5 лицейде, Искра айылындагы №61 лицейде, Ысык-Ата районундагы мектептерде, Кемин районундагы №1 орто мектебинин 11-классынын окуучулары менен жана №19 кесиптик лицейинин студенттери менен өткөрүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up