66 окуучунун ичинен 3-орун: Ырыскелди Анарбеков Москвадагы эл аралык олимпиадада коло медаль тагынды (сүрөт)

66 окуучунун ичинен 3-орун: Ырыскелди Анарбеков Москвадагы эл аралык олимпиадада коло медаль тагынды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кыргызстандык окуучу Ырыскелди Анарбеков Москва шаарында өткөн эл аралык олимпиадада физика сабагы боюнча коло медаль тагынды. Бул тууралуу Билим АКИpress сайтына анын апасы Айнура Дүйшөбаева билдирди.

Ы.Анарбеков №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү.

Олимпиада Москва шаарында 1-9-сентябрь күндөрү өтүп, ага дүйнөнүн 33 шаарынан 66 окуучу катышты. Сынакта Бостон, Мадрид, Берлин, Шанхай, Астана, Алмата, Душанбе, Милан, Франкфурт, Иерусалим, София, Бухарест, Будапешт, Дели, Жакарта, Москва, Санкт-Петербург, Минск ж.б. шаарлардын катышуучулары ат салышты.

Буга чейин, июнь айында Ырыскелди Анарбеков Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Мирзо атындагы физика жана астрономия боюнча I эл аралык олимпиадада астрономия сабагы боюнча алтын медалды багындырган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up