Өзгөндөгү жер көчкүдөн улам салынып жаткан 2 мектептин долбоору талапка жооп бербейт, - акимдин орун басары Б.Дыйканбаев

Өзгөндөгү жер көчкүдөн улам салынып жаткан 2 мектептин долбоору талапка жооп бербейт, - акимдин орун басары Б.Дыйканбаев

Билим АКИpress - Өзгөн районундагы жер көчкүдөн улам Ынтымак жана Ана-Кызыл айылындарына салынып жаткан мектептердин долбоорлору туура эмес чийилген, окуучулардын коопсуздугу каралган эмес. Мектептердин курулушу да кечеңдеп, ушул күнгө чейин бүтпөй келүүдө. Бул тууралуу Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев билдирди.

Ал райондогу жер көчкүдөн улам жаңыдан салынып жаткан мектептердин абалы менен таанышып чыккан. «Мен Жалпак-Таш, Төрт-Көл, Кароол айыл өкмөттөрүндөгү жаңы салынып жаткан мектептердин абалы менен таанышып чыктым. Жалпак-Таш айылындагы мектеп жакшы салынып жатат. Эшиктери дагы сапаттуу. Ал эми жер көчкүдөн улам көчүп келген Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ана-Кызыл айылына жана Кароол айыл өкмөтүндөгү Ынтымак айылына салынып жаткан мектептердин долбоорлору талапка жооп бербейт. Анткени трансформаторлор балдар ойноочу аянтка жайгашып калган. Мектептин долбоорун чийин жатканда долбоорчулар балдардын коопсуздугун эске алган эмес. Трансформаторлор мектептин короосунда болбоосу шарт. Мындан сырткары, ушул 2 мектептин курулушу да кечеңдеп жатат. Тендерден утуп алган курулуш компаниялары ишти жай алып барышууда. Техникалары да жетиштүү эмес. Курулуш материалдарынын сапаты да жакшы эместиги байкалды. Мектепти салууга Ош облустук курулуш башкармалыгы буйрутма берет. Жергиликтүү бийлик кирише албайбыз», - деди Б.Дыйканбаев

Ал эми Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Рустамбек Шерматовдун айтымында, Ынтымак айылындагы мектептин окуу имараты бүтүп, пайдаланууга берилген. «Мектептин сапатын, экотехинспекция, биз көзөмөлдөйбүз. Ынтымак айылындагы мектептин окуу имараты пайдаланууга берилип, балдар окуп жатышат», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up