Жалал-Абадда окуучулар айдоочуларга кайрылуу жасашты

Жалал-Абадда окуучулар айдоочуларга кайрылуу жасашты

Билим АКИpress - Жол кырсыгынын алдын алуу максатында Жалал-Абад облусунда «Салам мектеп!» аттуу 1 айлык рейди башталды. Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы айдоочуларга таасирдүү ой толгоо жазган окуучулар тандалып алынып, алар жазган дилбаяндарын айдоочуларга окуп беришти.

Жалал-Абад шаарындагы №9 Р.Санатбаев атындагы мектептин 5-классынын окуучусу Элнура Жандарбекова жол эрежесин сактабаган айдоочуларды «энелердин көз жашын төгүп жатасыңар» деп айыптады. Ал өзүнүн катында: «Урматтуу айдоочу байкелер, силерден суранарым, жол эрежесин сактаңыздар! Майыптар, карылар жолдон өтүп жатканда унааңыздарды токтотуп туруңуздарчы, мен сиздерден өтүнөм! Сиздер кырсык жасап, көптөгөн энелердин көз жашын төгүп жатасыздар. Апалар ыйлабасынчы. Энелердин көз жашын төкпөгүлөчү. Арак ичип алып унаа айдабагылачы», - деп суранган.

Ал эми дилбаян жазган окуучулардын дээрлик көпчүлүгү жазган кайрылуу каттарында мектептин, бала бакчанын алдынан акырын өтүүнү өтүнүшкөн жана «жөө жүрүүчүлөргө арналган жолдон бизге жол берип койгулачы» деп суранышкан. Бул сурануу, кайрылуу каттарын бүгүн окуучулар өздөрү айдоочуларга окуп берип, колуна карматышты. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөчүлөрдүн жаш достору унаалардын арттарына көңүл бурууга чакырык ташталган сөздү илишти.

Жалал-Абад областтык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Төрөбай Бекбергеновдун айтымында, аталган бөлүмдүн инспекторлору жол кырсыгы боюнча окуучулардын жазган пикирлерин жыйнап келишти. Кырсык тууралуу ар бир окуучу өз ой-пикирлерин, толгоолорун жазышты. Мугалимдер, инспекторлор аралашкан жок. Кырсыктын алдын алууну көздөгөн иш-чара ушул айдын аягына чейин уланат. Башка район-шаарларда да түрдүү саамалыктар өтүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up