Караколдо окуучулар куткаруучулардын иши менен таанышты (сүрөт)

Билим АКИpress - ӨКМнин Каракол шаары боюнча башкармалыгында өзгөчө кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында окуучулар үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Иш-чарада окуучулар табигый кырсыктарда өзүн кандай алып жүрүү, алардан сактануу жолдорун билишти. Ошондой эле куткаруучулардын иши менен таанышып, алар колдонгон жаңы техникалар менен таанышышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up