Нарындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин директору болуп Назира Сартмамбетова дайындалды

Нарындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин директору болуп Назира Сартмамбетова дайындалды

Билим АКИpress - Нарын районунун Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин директору болуп Сартманбетова Назира Төлөгөновна дайындалды. Бул тууралуу Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Мурунку директор А.Осмонова айыл өкмөт башчылыгына шайланган.

Н.Сартманбетова 1978-жылы Нарын районундагы 8-март айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктап, эмгек жолун Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебиненде мугалим болуп иштөө менен баштаган. Райондук «Жыл мугалими» кароо-сынагынын жеңүүчүсү жана «Билим берүүнун мыктысы» төш белгисинин ээси. 2001-2004-жылдары директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 2018-2019-окуу жылында мектеп директору болуп дайындалды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up