Токмоктун окуучуларына укук бузуу жана кылмыштуулук боюнча түшүнүк берилди (сүрөт)

Токмоктун окуучуларына укук бузуу жана кылмыштуулук боюнча түшүнүк берилди (сүрөт)

Билим АКИpress - Ушул жылдын 13-сентябрында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Токмок шаарындагы бир катар мектептерде иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

«Иш-чаранын алкагында кызматкерлер окуучуларга укук бузуу жана кылмыштуулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жаштарга кайсы курактан баштап мыйзам алдында жооп берерин, кандай кылмышка кандай жаза каралганын айтып беришти жана баарлашуу учурунда окуучулардын суроолоруна жооп берип, өз кеӊештерин айта кетишти. Мындан сырткары, тамекинин, спирт ичимдиктеринин, наркотикалык заттардын зыяндуулугу жана анын келечеги тууралуу да мисалдар менен айтып беришти», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up