Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Мырзабек Акматалиев дайындалды

Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Мырзабек Акматалиев дайындалды

Билим АКИpress - Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Акматалиев Мырзабек Токоевич дайындалды. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн мурунку жетекчиси Тейитбек Раимкулов маалымдады.

Анын айтымында, ал өзү 2014-жылдын 7-июлунда Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. 2018-жылдын 13-сентябрында өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды.

«Билим берүү министрлигинин буйругу менен Араван райондук администрациясынын башчысы аким Курманбек Айтибаевдин жазуу түрүндө берген макулдугунун негизинде Акматалиев Мырзабек Токоевич которуу жолу менен Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Ал мындан мурун Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүн жетектеп келген. М.Акматалиев бүгүн, 17- сентябрдан баштап өз милдетин аткара баштады», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up