Жумгалда 4 мектептин пенсия курагындагы директорлору кызматтан кетип, жаңы жетекчилер келди (сүрөттөрү)

Жумгалда 4 мектептин пенсия курагындагы директорлору кызматтан кетип, жаңы жетекчилер келди (сүрөттөрү)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Жумгал районунда 4 орто мектептин пенсия курагындагы директорлору кызматтарын ташырышып, алардын ордуна жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин директору С.Бойтоев, Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын директору Л.Жансариева, Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы орто мектебинин директору А.Молдалиев жана Беш-Терек айылындагы Жолдошбек атындагы орто мектебинин директору С.Кадыровдун келишимдери типтүү жобого ылайык, декабрь айы менен бүткөн. Бирок өткөн жылдын окуу жылын толук жыйынтыктап, кызматтарын өткөрүп беришерин убадалап иштеп келишкен. Жаңы окуу жылынын башталышы менен бул директорлор кызматтарын тапшырышты.

Учурда Жумгал районунун Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебине директор болуп Гүлжан Жээнбекова дайылдалды.

Г.Жээнбекова Чаек айылында 1979-жылы кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кайырма орто мектебин аяктап, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педогогикалык унивеситетинин физика-математика факультетине тапшырып, 2001-жылы аяктаган. Эмгек жолун Бишкектеги №68 мектеп-гимназиядан баштаган.

О.Ногойбаев атындагы мектепке 2002-жылы келип, директордун класстан тышкаркы орун басары болуп 10 жыл, ал эми окуу бөлүмүнүн башчысы болуп 4 жыл эмгектенген. 2016-жылы Айылдык кеңештин 28-чакырылышындагы депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 1 кыздын энеси.

О.Ногойбаев мектебинде учурда 550 окуучу окуйт, алага 50 мугалим билим берет. Мектеп 1972-жылы курулган. Учурда жаңы имарат салынып бүтө элек.

Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын директору болуп Гүлзат Курманова дайындалды.

Гүлзат Курманова 1974-жылы туулган. Билими — жогорку. Бишкек гуманитардык университетинин орус тили мугалими кесибин 1995-жылы аяктаган. Эмгек жолун 2000-жылы Беш-Терек айылындагы Жолдошбек орто мектебинде орус тили мугалими болуп иштөөдөн баштаган. 2004-жылы Т.Турсунбаева мектеп-гимназиясына келип, орус тили мугалими болуп иштеген. 2009-жылдан тарта мектеп-гимназияда окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.

Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясы 1956-жылы орус тилдүү башталгыч класс болуп түптөлгөн. 1958-жылы «Москва» орто мектеби катары ачылып, иштеп баштаган. 1988- жылдан тарта Т.Турсунбаева атындагы мектеп аталган. 2010-жылы мектеп-гимназиясы макамын алган. Учурда мектепте 860 окуучу окуп, 49 мугалим эмгектенет.

Беш-Терек айылындагы Кекилик уулу Жолдошбек орто мектебинин директору болуп Акылай Жумалиева дайындалды.

Жумалиева 1971-жылы жарык дүйнөгө келген. 1998-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун филология факультетин аяктап, кыргыз тили боюнча мугалимдик кесипти 2003-жылы алган. Жалпы эмгек стажы — 23 жыл. 5 жыл окуу бөлүмүнүн башчысы кызматында иш алып барган. Эмгек жолун алгач 1988-жылы айыдагы «Наристе» балдар бакчасында тарбиячы болуп иштөө менен баштап, кийин, 1989-жылы музыкадан тарбия берген. 1999-жылдан тарта Жолдошбек орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим болуп эмгектенди. 2003-2008-жылдары мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2008-жылдан тарта кыргыз тили мугалими болуп эмгектенип келген. Акылай Жумалиева «Эл агартуунун отличниги» наамынын, «Чыгармачыл мугалим» сынагынын күмүш медалынын ээси.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын энеси.

Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектеби 1990-жылы салынган. Учурда 112 окуучу окуп, 23 мугалим эмгектенет.

Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы орто мектебинин директору болуп Камчыбек Токонов дайындалды.

К.Токонов 1982-жылы 22-февралда Чоң-Дөбө айылында туулган. Үй-бүлөдө 7 бир тууган. Тыналы орто мектебин 1999-жылы аяктап, 2000-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун экология жана жаратылышты пайдалануу факультетине жана комушча биология адистигине тапшырып, 2005-жылы аяктаган. 2005-жылы Жумгал районунун Таш-Дөбө орто мектебине биолгоия адистиги боюнча мугалим болуп кирип, ушул мектепте 2012-жылга чейин эмгектенген. Ушул жылдар ичинде мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, директордун орун басары кызматтарын аткарган. 2012-жылдан тарта Чоң-Дөбө айылынын Тыналы атындагы орто мектебине окуу бөлүмүнүн башчысы болуп которулуп келип, 1 жыл иштеген соң, айыл өкмөтү тарабынан донорлор менен иштөө боюнча жана инвестиция тартуу иштерине катышып айыл өкмөттүн адиси болуп иштеген. ПРООН жана ООН аялдар уюмдары менен иштешип, ал жумушта 2013-2016-жылдары иштеген. Ошол жылдары айыл өкмөтүнө ири чакан ишканалар катары нан бышыруу, курут чыгаруу ишканасын, тигүү цехин ачууга жетишкен жана асыл тукум малдын санын көбөйтүү максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 75 баш кой алып келип берген. Баш аягы 2,5 жыл ичинде 1 млн сомго чукул айыл үчүн инвестиция тартканга жетишкен. 2017-жылы кайра эле Тыналы орто мектебине директордун орун басары кызматына дайындалып, директорлук кызматка чейин иш алып барган. Айылдык кеңештин депутаты болуп шайланып, бюджет комитетинин төрагасы болуп бекип, иш алып барган. Мектепке директор кызматын аркалаган соң, депутаттык мандатты тапшырып берген.

Үй-бүлөлүү, 3 уул жана 1 кызы бар.

Тыналы атындагы орто мектепте 284 бала билим алып, 27 мугалим эмгектенет. Мектеп 1950-жылдары курулган. Азыркы учуда жаңы мектеп курулуп жатат, ал келерки жылы пайдаланууга берилет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up