Экинчи эне: Таластык мугалим Г.Жумабаева: Кичинемде куурчактарды коюп алып, аларга мугалим болуп ойночумун

Экинчи эне: Таластык мугалим Г.Жумабаева: Кичинемде куурчактарды коюп алып, аларга мугалим болуп ойночумун

Билим АКИpress - Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 30 жаштагы тургуну Гүлмира Жумабаева 4 жылдан бери англис тили мугалими болуп эмгектенип келет. Ал 1988-жылы 21-февралда Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылында төрөлгөн. 2011-жылы Талас мамлекеттик университетинин англис тили адистигин аяктаган.

«Кичинемде куурчактарды коюп алып, аларга мугалим болуп ойночумун. Жаштын тилегин берет дегендей, мугалимдик кесипти 4 жылдан бери аркалап келем. Кичинемден бери «мугалим ким?» деген суроого жооп издеп, ал мен экенимди биле алдым. Ал – тарбиячы, эне, чыгармачыл адам, окучуунун ой жүгүртүүсүн жандантып, алар билимдүү болсо деп тиленген адам. Кесибимди туура тандадым деп ойлойм, анткени мотурайган балдар менен иштешүү өзүнчө эле кубаныч, сүйүнүч», - дейт ал мугалимдик кесиби тууралуу.

Англис тилчи мугалим мектеп администрациясы тарабынан бир нече грамоталарга татыган. «Алгачкы кесиптик жолумду айылдык мектептен баштагам. Эсимде, жаңы иштеп баштаганда тажрыйбам аз эле, бирок эч нерсеге карабастан, Нооруз майрамына карата тарбиялык саат өткөм. Концерттик программа менен коштолгон 1 жарым сааттык тарбиялык ишимди толкунданып, сүрдөнүп 20 мүнөттө бүтүрүп салгам. Шашып, эрте бүтүрүп алып, эмне кыларымды билбей, көзүмдү коёндукундай кылып туруп калганым эсимде. Артта отурган эже-агайлар дем-күч берип, шыктандыруучу сөздөрдү айтышкан», - деп айтып берди мугалим.

Гүлмира Жумабаева учурда 1 баланын энеси.

Сиз дагы сүйүктүү мугалимдер жөнүндө, билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up