Жалал-Абаддагы №5 мектеп-гимназияда өрт кырсыгын алдын алуу боюнча машыгуу өттү

Жалал-Абаддагы №5 мектеп-гимназияда өрт кырсыгын алдын алуу боюнча машыгуу өттү

Билим АКИpress - Жалал-Абад шаарындагы №5 Бекмамат Осмонов атындагы гимназия мектебинде кырсыктарды азайтуу боюнча иш-чара бөлүп өттү.

Иш-чарада өрт кырсыгы катталган мезгилде окуучулар кандай жол менен коргонуу керектигин адистер практикалык түрдө көрсөтүп беришти. Мышугуунун жүрүшүндө окуучуларга кырсык болгон учурда жабырлануучуларды куткаруу, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары практикалык түрдө көрсөтүлдү. Ошондой эле окуучулар керектүү шаймандар менен таанышып, пайдалуу маалыматтарды алышты.

Демилгенин негизги максаты — табыгый кырсыктардын коркунучун азайтуу жана билим берүү системасын өркүндөтүү, өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм-турум саясатын түзүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.Иш-чарага улуттук «Кызыл Ай» коомунун өкүлдөрү да катышты.

Кыргызстанда 5-октябрь — Кырсыктардын тобокелин кыскартуу күнү деп белгиленген. Ушул күнгө карата ӨКМ 5-сентябрдан 5-октябрга чейин 1 айлык жарыяланган. Буга байланыштуу өлкөдө түрдүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Жалал-Абад облусунда 8 айдын ичинде 389 өрт кырсыгы катталып, 37 млн сомдон ашуун материалдык чыгым болгон.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up