Алайдагы мектептин мугалимдери сахналаштырып сабак өтүштү

Билим АКИpress - Алай районунун Б.Аданбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери Эл аралык сабаттуулук күнүнө карата сахналаштырылган сабак өтүштү. Бул тууралуу Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Салима Абдырахманова билдирди.

Анын айтымында, аталган мектептин 1-класстан 4-класска чейинки мугалимдери «Азан чакырып ат коюу», «Билим — түгөнбөс байлык», «Ырыс алды — ынтымак», «Мунарча үй» аттуу чыгармаларды ролдоштурушту. Мугалимдер менен окуучулар улуттук кийим кийип, боз үйдүн ичинде чыгармаларды аткаруу менен сабактарды өтүп беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up