Европанын бир катар өлкөлөрүн кыдырган өзгөндүк Нурсултан Түркияда билим алууда (сүрөт)

Европанын бир катар өлкөлөрүн кыдырган өзгөндүк Нурсултан Түркияда билим алууда (сүрөт)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — өзгөндүк 22 жаштагы Нурсултан Төлөнбай уулу, учурда Түркиянын Кастамону университетинин 4-курсунун студенти. Ал Испаниядан практика өтөп, ошондой эле Европанын бир катар өлкөлөрүн кыдырганга да жетишти.

«Мен 1996-жылы 27-июнда Өзгөн районунунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу 1-май айылында жарык дүйнөгө келгем. Ошол эле айылдагы Б.Келдибаев атындагы №25 мектепти 2014-жылы аяктап, Түркиянын Кастамону университетине тапшыргам. Мурун дүйнө стандартында билим алууну кыялданчумун, ошол кыялымды ишке ашыруу үчүн чет өлкөгө окууга тапшырдым.

Алгач Түркияга педогогика факультетинин геогафия бөлүмүнө тапшыргам. Себеби менин бала кезимдеги кыялым окуучуларга дүйнөнү танытуу болчу. Мектепте окуп жүргөнүмдө география предмети боюнча республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарга жетишкем», - дейт студент.

Нурсултан «Эразмус» програмасындагы сынактан өтүп, Испаниядан практика өтөп келген. Ошону менен бирге бир катар Европа өлкөлөрүнө саякаттап, таасирленгенин айтат. «Түркияга келип, 1 жыл түрк тилин үйрөнүп жүргөндө менде жаңы ойлор, идеялар пайда болду. Кыргызстанга экономист болсом пайдам көп тиерин байкадым. Себеби үкономиканын тили бардык жерде бирдей. 2015-жылы экономика жана башкару факультетинин менеджмент бөлүмүнө которулдум. Ушул жылы жайкы 3 айлык эс алууда «Эразмус» програмасы менен кесибим боюнча Испанияда практика өтөп келдим. Андан сырткары, Франция, Италия, Монако, Ватиканга саякатка чыгып келдим.

«Эразмус» сынагынан өткөндөн кийин практика өтөй турган фирманы табуу бизге жүктөлдү. Европада бир топ фирмага CV жазып, электрондук даретерине жөнөттүм. Бир нече фирмадан жооп келген жок. Бир нечесинен «кабыл алынбады» деген жооп келди. Андан кийин Түркиядагы агенттиктерге кайрылдым. Алар жардам беришип, практика өтөй турган фирманы таап, керектүү докменттерди алып беришти. Кетерибизге жакын 2 фирмадан кабыл алынганыбыз тууралуу жооп келди. Бирок аябай кеч келгендиктен, бара албадым. Испанияга бул жактан досум менен чогуу баргам, ал жакта практика кылып жүргөн түрк бала бар экен. Иш убагында бир аз тилден кыйынчылыктар болуп жатты. Испан эли англис тилин аз билишет. Ал эми испан тили биздин тилге аябай терс келет. Сүйлөм түзүлүштөрү, тыбыштардын чыгышы. Көп учурда «Google translate» системасын колдонуп жаттык.

Иштен сырткары, башка шаарларды да көрдүк. Алардын ичинен мен таасирленген 3 шаардын өзгөчөлүктөрүн айтып берейин.

Помпей — инсанды 1 кылымга саякатка алып барат. Музейдин ичинде жүргөндө 21-кылымды унутуп каласың. Тандырдын ичинде быша элек нандар, чогулушта олтурган адамдар, дүкөндөгү акчалар, тамак ичип жаткан адамдар таш эстелик сыяктуу катып калган. Ачык асман алдындагы музей аябай чоң болгондуктан, 5 саатта айланып бүтүү кыйын.

Экинчиси — Париж. Тарых менен моданын айкалышкан эң сонун үлгүсү. Орто кылымдарда курулган бир имаратка кирсең, 2018-жылдын мода марка кийимдердин сатылып жатканын көрүүгө болот. Алтындан жасалган эстеликтер, сарайлар, көпүрөлөр инсандарды өзүнө тартып турат.

Ал эми үчүнчүсү — Мадрид. Аларда маданиятка өтө көңүл бурушат экен. Кичинекей бир көпүрөдөн баштап курулуштарга чейин байкалып турат. Мадридде унаанын дабышын угуу бираз кыйын. Адамдар бири-бирине ыңгайсыздык жаратпоо үчүн сигнал да басышпайт экен. Эрте менен таң атпай парктарда чуркап жүргөн ар курактагы адамдарыды кездештирсе болот», - деп айтып берди ал чет өлкөдөгү аткаралган иштери жана таасирлери тууралуу.

Нурсултан келечекте көптөгөн пландары бар экенин, бирок аткарылган соң айткысы келгенин кошумчалай кетти.

«Биздин үй-бүлөбүз чоң. Сүйүктүү ата-энем жана бир туугандарым. Учурда менден улуу байкелерим, эжелерим үй-бүлөлүү, менден кийин иним жана бир эрке карындашым бар.
Атам — аркамдагы тоом. Апакем — жаркыраган кун нурум. Бир туугандарым — агып жаткан тунук суум. Ал эми мен — бир дарак. Менин ар бир ийгилигим дал ушул инсандардын колдоосу менен болууда. Ыраазымын баарына», - деп сөзүн жыйынтыктады Нурсултан.

Нурсултан үй-бүлөдө 8 бир туугандын алтынчысы.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 3-курсунун студенти НАРГИДА МАЛИКОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up