Ак-Талаа райондук Тайлак баатыр спорт мектеби жаш спортчуларды кабыл ала баштады

Ак-Талаа райондук Тайлак баатыр спорт мектеби жаш спортчуларды кабыл ала баштады

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа райондук Тайлак баатыр атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине окуучуларды кабыл алуу иштери башталды. Бул тууралуу аталган мектептин директору Билимбек Капарбек уулу билдирди.

Анын айтымында, 2018-2019-окуу жылына карата спорт мектебине окуучуларды тандоо менен кабыл алуу сентябрь айынын аягына чейин жүргүзүлөт. Кабыл алынган окуучулар спорттун футбол, волейбол, тогуз коргоол, эркин күрөш түрлөрү боюнча машыгышат. Ошондой эле быйылкы жылы грек-рим күрөшү да киргизилген.

Андан сырткары, аталган мектептин имаратынын айланасын тосуу жана алдына бетон төшөө иштери жүргүзүлдү. Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 139 миң сом каражат бөлүнүп, иш толук бүткөрүлгөн. Ошондой эле спорт агенттигинен бөлүнгөн каражатка Тайлак баатыр спорт клубунун жана спорт мектебинин ичин оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up