Директор мугалимдер менен окуучулардын көзүнчө окуучуну сабаган. Ага сөгүш жарыяланып, жумуштан кетти

Директор мугалимдер менен окуучулардын көзүнчө окуучуну сабаган. Ага сөгүш жарыяланып, жумуштан кетти

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы С.Бегматов атындагы орто мектептин директору Венера Чылпакбаева 14-сентябрда өз каалоосу менен кызматынан бошотулду. Ал май айында 6-класстын окуучусуна кол көтөргөн. Бул тууралуу 20-сентябрда акыйкатчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Укук коргоо органынын маалыматы боюнча, Кой-Таш айылынын тургуну акыйкатчынын атына арыз жазып, ал жергиликтүү мектепте май айында директор В.Чылпакбаева мугалимдер менен окуучулардын көзүнчө 6-класстын окуучусу А.Т.ны сабаганын билдирген.

Арыз ээси Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганын жазган. Ведомство иликтөө жүргүзүп, мындай окуя болгонун аныктайт. Ал эми директорго сөгүш жарыяланган.

Акыйкатчынын аппараты болсо Аламүдүн райондук прокуратурасына кат жөнөткөн. Көзөмөлдөөчү орган текшерүү жүргүзүп, райондун акимине мыйзам бузууга алып келген күнөөлүүлөрдү катуу тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралуу билдирүү жиберген.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин демилгеси менен 2018-жылдын 14-сентябрында мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев Билим берүү жана илим министрлигинде жогорудагы арыз боюнча кеңешме өткөрөт.

Жыйынга Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Шеркулова жаны башка кызматкерлери катышкан. Иш-чарада жашы жете элек окуучуну мектеп директору сабаганы жана директорду катуу тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча маселе каралган.

Өткөрүлгөн жыйындын жана иликтөөнүн жыйынтыгы менен С.Бегматов атындагы мектептин директору ээлеген кызматынан бошотулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up