Ошто эл аралык мектеп ачылды (видео)

Ошто эл аралык мектеп ачылды (видео)

Билим АКИpress - Бүгүн, 21-сентябрда Ош шаарында курулган Кыргызстандагы эл аралык мектептин ачылышы болуп, ага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты, деп билдирди кабарчы.

Кыргызстан эл аралык мектеби 250 окуучуга ылайыкталып, 23 мугалим англис тилинде сабак берет. Мугалимдердин көпчүлүгү чет мамлекеттен келгендер болуп эсептелет. Учурда мектепке 100 окуучу кабыл алынды.

Маалым болгондой, бул мектепте жылына ар бир окуучудан 2 миң 700 доллар (доллардын учурдагы курсу 68.7 сом менен эсептегенде — 185 миң 789 сом) акы алынат.


Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up