Жети-Өгүздөгү Тамга орто мектеби интернетке туташытырыла элек

Жети-Өгүздөгү Тамга орто мектеби интернетке туташытырыла элек

Билим АКИpress - Жети-Өгүз районундагы Тамга орто мектебине интернет туташытырыла элек. Бул тууралуу аталган мектептин директору Назарбек Мамбеталиев маалымдады.

Анын айтымында, Жети-Өгүз районундагы Тамга орто мектебинде 620 окуучу билим алып, 57 мугалим эмгектенет. «Окуучуларга информатика сабагын өтүү үчүн Ысык-Көлдөгү өнүктүрүү фонду тарабынан 451 миң сомго 14 компьютер алынып берилген. Окуучулар электрондук китепкананы пайдалануусу жана мугалимдердин иштөөсүнө интернет зарыл болууда. Буга мектептин каражаты жетишпейт. Эгер демөөрчүлөр болуп, интернет кошулса жакшы болор эле.Учурда окуучулар үчүн алынып келинген компьютерлер стандарттык программаларда гана иштеп жатат», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up