Кеминдеги билим берүү мекемелеринде Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленүүдө (сүрөт, видео)

Кеминдеги билим берүү мекемелеринде Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленүүдө (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Кемин районундагы бардык билим берүү мекемелеринде Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленүүдө.

Кемин райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата 2018-жылдын 21-сентябрында Кемин райондук маданият үйүндө «Тилим менин — жан дилим» аттуу райондук сынак өткөрүлдү.Ага окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлгөн Г.Кудряшов атындагы Орловка №1, Орловка №2, Ак-Түз жана Нур орто мектептери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар тарабынан «Улут болсом тилим менен улутмун» аттуу кыргыз тилинин баалуулугун даңктаган көркөм окуу, «Каармандар бизде мейманда» аттуу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырып көрсөтүү, «Эне тилсиз укмак белем Манасты, эне тилсиз укмак белем санатты» аттуу ураан менен «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, «Ырдайлы кыргыз ырларын» — кыргыздын обондуу ырларын чеберчилик менен аткаруу жана Тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө чакырык таштаган флеш-моб уюштурулду.

Жыйынтыгында 1-орунду окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн Ак-Түз орто мектеби, 2-орунду орус тилинде билим берген Нур орто мектеби жана 3-орунду окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлгөн Г.П.Кудряшов атындагы Орловка №1 орто мектеби камсыз кылышты. Аларга Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, көркөм адабий китептер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ал эми жалпы билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тил боюнча салтанаттуу иш-чаралар «Кыргыз тили нечен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аттуу ураан алдында өткөрүлдү.

17-сентябрдан 21-сентябрга чейин Эне тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө үндөгөн флеш-моб жана 20-сентябрь күнү А.Койгелдиев атындагы Бейшеке орто мектебинде «100 суроого 100 жооп» акциясыу юштурулду. Иш-чарага тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары катышты.

Билим берүү мекемелеринде «Кыргызстандын келечеги мамлекеттик тилинде» деген темада дубал гезиттер, буклеттер жана бурчтар уюштурулду. Класс жетекчилер тарабынан ачык класстык тарбиялык сабактар, викторина жана класстан тышкаркы иш-чаралар өткөрүлдү.

Китепканаларда «Тил биримдик тиреги» аттуу китеп көргөзмөлөрү уюштурулду. Ошондой эле каитепканачылар кыргыз тилиндеги көркөм адабий китептер менен китепканаларды толуктап жатышат. Андан тышкары, КР өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын» алкагында басылып чыккан китептердин бет ачары өтүп жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up