Тоолуу Төлөк айылындагы мектеп интернетке туташтырылды

Тоолуу Төлөк айылындагы мектеп интернетке туташтырылды

Билим АКИpress - Кочкор районунун Соң-Көл айыл аймагына караштуу Төлөк айылындагы орто мектепте компьютердик класстын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Ага Кочкор районунун акиминин орун басары Элмира Садыкова, райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Ишенбек Бекишов, GIZ долбоорунун координатору Кыял Султанбаева, Соң-Көл айыл аймагынын башчысы Эркин Чекирбаев, «Соң-Көл» орто мектебинин директору Касымбек Мамбеталиев катышты.

Мектепке Германия кызматташтыгы (GIZ) «Жарандык коом менен биргеликте өнүгүү долбоорунун колдоо фонду» долбоорунун колдоосу менен 1 млн 69 миң сомдук колдоо көрсөтүлүп, окуучулардын компьютердик билим алуусу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Соң-Көл айыл аймагынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана жергиликтүү жамаат биргелешип, компьютер үчүн бөлмө даярдап, оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн. «Жайзет» аркылуу берилген акчага мектепке 15 компьютер алынып берилген. Учурда мектепте окуган 291 окуучу, мектептин 40 кишиден турган жамааты, ошондой эле айылдын 1777 тургуну үчүн комьпютердик билим алууга жана интернет ресурстарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк пайда болду.

Төлөк айылындагы мектепте буга чейин компьютер болгон эмес.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up