Кызыл-Өзгөрүштөгү мектептин окуучулары спорт залга жана ашканага муктаж

Кызыл-Өзгөрүштөгү мектептин окуучулары спорт залга жана ашканага муктаж

Билим АКИpress - Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндөгү №37 С.Чекиров атындагы орто мектебинде окуучулар класстык бөлмөлөргө батпай, ыңгайсыздыктар жаралууда. Бул тууралуу аталган мектептин директору Клара Жаныбекова билдирди.

Анын айтымында, аталган мектеп 1996-жылы ашар жолу менен курулган. «Биздин мектеп 120 окуучуга ылайыкташтырылып салынган, бирок азыркы тапта 212 окуучу 2 нөөмөт менен билим алууда. Анын ичинен 92 бала ысык тамак ичишет. Бизде окуучулардын саны көбөйгөндүктөн, айрым класстарда окуучулар тыгылып окуганга туура келип жатат. Мындан сырткары, атайын ашканабыз жоктугуна байланыштуу китепканада окуучуларга чай берип, айрым учурда класска алып кирип берген учурлар болот. Бизде окуучулардын саны тынымсыз өсүп жаткандыктан, бизге дагы бир окуу имаратын куруп беришсе жакшы болмок», - дейт ал.

Ал эми аталган мектептн 7-класста окуган Жумакан Ысманкулова кышында көп кыйынчылыктар болорун айтат. «Биздин мектеп чакан болгондуктан, спорт залыбыз жок. Ал эми кыштын күнү кар көп жааган кезде дене тарбия сабагын эшикте өтүп, же болбосо класстык бөлмөнүн ичинде шахмат, шашки ойноп өткөрөбүз. Биз, окуучулар үчүн спорт комплексин жаңылап куруп берсе жакшы болмок, анткени мындагы спорт аянтчасы дээрлик эскилиги жетип, окуучулар үчүн кооптуу болуп калган», - деди ал.

Токтогул районунда жалпы 42 мектеп бар, алардын ичинен 6 мектеп авариялык абалда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up