Гдань технологиялык университетин профессору Пётр Лоренс нарындык студенттер менен жолукту

Гдань технологиялык университетин профессору Пётр Лоренс нарындык студенттер менен жолукту

Билим АКИpress - Борбордук Азия университетинин Нарын кампусунда профессор, илимдин доктору, Гдань технологиялык университетиндеги шаарларды куруу жана аймактык пландоо архитектура факультетинин кафедра башчысы Пётр Лоренс «Шаарлардын өнүгүүсүн калыптандырууда университеттердин маанилүүлүгү» деген актуалдуу жана кызыктуу темада мазмундуу лекция окуду.

БАУ тарабынан уюштурулган лекцияга Нарын шаарынан 70тен ашык угуучу, ошондой эле бир нече БАУнун академиялык эмгек жамаатынын өкүлдөрү катышты. Катышуучулардын басымдуу бөлүгүн Нарын мамлекеттик университетинин, Нарын педагогикалык колледжинин мугалимдери менен студенттери түзүштү.

Лекциянын ачылышында БАУнун Нарын кампусундагы Башкаруу кеңешинин мүчөсү жана студенттик иштер боюнча бөлүмдүн менеджери Э.Краусс профессор П.Лоренстин эмгек таржымалына кыскача токтолуп, аны менен тааныштырды. Лекция англис тилинде өтүп, кыргыз тилине которулду. Көрсөтмөлүү презентациядан соң катышуучулар тарабынан бир нече суроолор берилип, аларга лектор жооп берип жатты. Лектор өзүнүн лекциясында жергиликтүү бийлик органдары менен коомчулуктун өз ара тыгыз алака-катышта болушу керектигине басым жасап, ар бир көйгөйдү чечүүдө коомчулук демилгени колго алуу менен жана ошол эле учурда муниципалитет менен макулдашуу аркылуу комплекстүү мамиле кылышы керектигине токтолду. Катышуучулар тарабынан шаардын өнүгүшүндөгү инфраструктураларды модернизациялоодогу жакшыртуунун эффективдүү жолдору боюнча бир катар суроолор берилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова профессор Лоренске терең ыраазычылык билдирди. Лекциянын угуучулары лекциядан кийин өз ара бири-бири менен чай үстүндө кызуу баарлашуу менен бирге Нарын кампусуна биринчи жолу келген адамдар окуу жай менен таанышып, экскурсия кылышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up