Жаңы-Тилек айылындагы мектепте Кыргыз тил күнү белгиленди
Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылындагы С.Жусупбаев атындагы орто мектебинде Мамлекеттик тил күнүнө карата флешмоб уюштурулду. Бул тууралуу аталган мектептин окуу бөлүм башчысы Гүлбарчын Рысбекова билдирди.
Анын маалыматы боюнча, 20-сентябрь күнү аталган мектептин окуучулары тарабынан Эне тил күнүн даңазалаган флешмоб уюштурулуп, аны менен бирге эне тил тууралуу учкай сөздөр жазылган көрнөк-жарнактар көчөлөргө илинди. Андан сырткары, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелердин катышуусунда «Тил улуттун жүзү» аттуу диспут өткөрүлүп жатат.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×