Б.Бейшеналиева атындагы мектепте Мамлекеттил тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Аламүдүн районундагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда тилдин баалуулугун белгилеген ырлар көркөм окулуп, «Касиеттүү эне тил» аттуу хор ырдалды. Ошондой эле салттуу кыргыз бийлери бийленип, мектепте Мамлекеттик тилге жана Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган 3 айлык старт алды.

Буга чейин аталган мектепте дубал гезиттер сынагы, Айтматовдун чыгармаларын сахналаштыруу сынагы жана «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу ыр сынагы өткөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up