Кыргызстандагы ректорлордун рейтинги. Алдыңкы үчилтикте кимдер?

Кыргызстандагы ректорлордун рейтинги. Алдыңкы үчилтикте кимдер?

Билим АКИpress - Акыркы кезде ЖМК имидждин күчтүү чагылдыруучусу болуп калды. Андан коомдук пикир көз каранды. Биз ЖМК беттерине саясатчылардын, депутаттардын жана жогорку чиндердин рейтинги жарыяланганына көнүп калганбыз.

Республикалык «De-факто» гезитинин беттеринде «Ректорлор парады» рубрикасы менен жарык көргөн (2018-жылдын 21-сентябры) макала коомчулукта кызыгуу жаратты. Анткени көз карандысыздыкты алган жылдардан бери ЖМК биринчи жолу жогорку окуу жайдын ректорлорунун ишмердүүлүгүнө баалоо жүргүзүп жатышат.

Сурамжылоо өлкөдөгү илимдин кандидаттары жана докторлору, саясий жана коомдук ишмерлер, жарандык активисттер жана укук коргоочулар, гезиттер менен сайттардын башкы редакторлору, ошондой эле көз карандысыз журналисттер арасында жүргүзүлүп, алар ректорлордун ишин 10 упайлык системада баалашты.

Эң мыкты 20 ректордун алдыңкы үчилтигине кирген реторлор:

- 1-орунду Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаев «өздүк эсепте» эң жогорку упайларды топтоо менен багындырды.
- 2-орунду Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков ээледи.
- 3-орунду И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов алды.

Билим адам ишмердүүлүгүндө түбөлүктүү тармак болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлардын ректорлору жыйынтыгында өлкөбүздүн келечегин жана анын маданий, өндүрүштүк потенциалын аныктоочу билим берүү сапаты менен камсыздаган эң маанилүү, коомду тургузуучу функцияны аткарышы керек.

012a955ff7f2185f72e0800b4946e15b_0_500_0

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up