Баетов айылындагы 2 мектептин окуучулары футболдук мелдеште ат салышты

Баетов айылындагы 2 мектептин окуучулары футболдук мелдеште ат салышты

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы 2 мектептин окуучулары арасында футболдук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Азамат Дөөлөтбеков билдирди.

Анын айтымында, кылмыштуулукту болтурбоо, мектеп рэкетчилигине каршы туруу жана мектептер аралык ынтымакты бекемдөө максатында Шүкүрбек Бейшеналиев жана Эсенгул Карасартов атындагы орто мектептеринин 6-7-класстарынын окуучулары ортосунда футболдук мелдеш өттү.

«Ынтымак» деп аталган мелдештин кийинки кезеги Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине өткөрүлүп берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up