Жаңы-Талаптагы мектепте окуучулар ата-энелери менен бирге интеллектуалдык таймашка катышты (сүрөт)

Жаңы-Талаптагы мектепте окуучулар ата-энелери менен бирге интеллектуалдык таймашка катышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинде «Кыргыз болуу мен үчүн өлбөс өмүр!» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Мээрим Кулманбетова билдирди.

Анын маалыматына караганда, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата интеллектуалдык таймаш өтүп, ага 7 окуучу ата-энелери менен биргеликте катышты.

Катышуучулар кыргыз элинин улуулугун, баалуулуктарын, эне тилин, каада-салтын, үрп-адатын унутта калтырбоо максатында бир катар суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up