Нарындагы Р.Усубалиев мектебинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Нарындагы Р.Усубалиев мектебинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Рысбек Усубалиев атындагы орто мектебинде 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү белгиленди. Бул тууралуу аталган мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Саламат Абдыбилиев маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, атайын түзүлгөн пландын негизинде 17-сентябрдан 21-сентябрга чейинки аралыкта иш-чаралар өткөрүлдү. Мектепте атайын бурч уюштурулуп, дубал гезиттер чыгарылды. Ошондой эле 11-класстын окуучулары класс жетекчиси Асел Райымбаева менен бирге «Кыргыз тилим — эне тилим» аттуу кече уюштурду. Кече мамлекеттик тилдин гимнин ырдоо менен башталып, анын жүрүшүндө тил тууралуу макал-лакаптар айтылып, баяндамалар, акындардын тил жөнүндө жазган ырларынан көркөм окуу жана ыр-бийлер аткарылды. Иш-чарага мектеп жетекчилиги, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up