Нарында мугалимдер арасында сынак башталды (сүрөт)

Нарында мугалимдер арасында сынак башталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Нарын облусунда билим берүү кызматкерлеринин арасында «Ааламга жол айыл мектептеринен башталат - 2018» кароо-сынагы өтүп жатат. Сынакты Нарын облустук усулдук билим берүү борбору уюштурууда.

Иш-чаранын алкагындагы кезектеги кароо-сынак Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева жана Жумгал районундагы А.Молдокеев атындагы орто мектептеринин арасында өттү. Сынактын жүрүшүндө командалар 5 бөлүмдөн турган тапшырмаларды аткарышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Анда катышуучулар калыстарга саламдашуу, бий, турмуштук көрүнүштөрдү сахналаштырышты, эстрада жылдыздарын даңазалашып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындай сынактар бардык райондордо өтүп, анын жыйынтыгы мугалимдердин кесиптик күнүнө карата чыгарылат жана жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up