Хиджаб кийген студенттерди Бишкектеги мектепте практикага алуудан баш тартышкан. Маселени министр чечти

Хиджаб кийген студенттерди Бишкектеги мектепте практикага алуудан баш тартышкан. Маселени министр чечти

Билим АКИpress - Бишкектеги №51 мектепте Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 4 студентин хиджаб кийгендиги үчүн практикага алуудан баш тартышкан. Бул тууралуу 5-курстун студенти Айзада Кадырмышева социалдык тармактарга жазды.

«Бүгүн мектепте 1 айлык практика башталышы керек болчу. Бирок мектептин директору жоолукчан кыздарды алууга болбойт деген жаңы мыйзам ойлоп тапкан экен», - деп жазып калтарды ал 25-сентябрда социалдык тармактарга.

Бул билдирүүгө билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева дароо таасир этип, студенттерди минситрликке жолугушууга чакырып, пракиканттардын сөзүн укту.

«Гүлмира Каримовна бизге, эгерде биз мугалимдерге коюлган талаптардын баарына жооп берсек, жоолуктар практика өтөөгө жана келечекте мугалим болуп иштөөгө тоскоол болбойт деди. Министр эң негизгиси, биз окуучуларга сапаттуу билим беришибиз керектигин айтты», - деп айтып берди Айзада Кадырмышева Билим АКИpress сайтына.

Анын айтымында, министр аны Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгына жиберип, ал жактын башчысы Сауле Мейрманова аны жана тайпалаштарын кабыл алган. «Сауле Жаксылыковна биздин көзүбүзчө №51 мектептин директоруна байланышты. Көйгөй чечилди. Мени №51 мектепке практикага алышат, ал эми тайпалаштарымды башка мектептерге. Бизге жоолуктар тоскоолдук жаратпайт дешти», - деп билдирди студент.

Социалдык тармактарда бул окуя катуу талкууланып, аймактардын жашоочулары Кыргызстандын айылдарында көбүнчө мугалимдер мектепке жоолук менен барууну каалашарын жазышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up