Ала-Букада бир короодо 2 мектеп иштейт. Анын канчалык зарылдыгы бар? (сүрөт)

Ала-Букада бир короодо 2 мектеп иштейт. Анын канчалык зарылдыгы бар? (сүрөт)

Билим АКИpress - Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагындагы Айры-Там айылында бир короодо М.Алымбеков атындагы орто мектеби жана «Айры-Там» мектеп-гимназиясы жайгашкан, аралыгынын алыстыгы 5 метрди гана түзөт.

Орто мектеп 3 кабаттан туруп, лабораториялар, лингафондук, компьютердик класстар ачылып, окуучулар терең билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кыскарууну каалабаган гимназия мектебинде эч кандай лабораториялык кабинеттер жок, имаратынын да эскилиги жеткен. Эгер мектепти бириктирүү кадамы ишке ашса, 9 мугалим кыскарууга барат, мындан улам да кыскартууга каршылыктар бар. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттары жана бийлик М.Алымбеков атындагы орто мектебине «Айры-Там» гимназия мектебинин статусун ыйгаруу жолу менен бириктирүүнү көздөшөт. Алар да гимназия статусунун жоюлушуна каршы, ошондуктан сактап калуу боюнча да аракет көрүшүүдө.

Маалым болгондой, М.Алымбеков мектеби 1985-жылы заманбап шартта типтүү болуп, 1270 окуучуга ылайыкташтырылып, пайдаланууга берилген. Азыркы тапта болгону 600дүн тегереиндеги окуучу билим алат. Аталган мектепте 2003-жылга чейин 1000ден ашуун бала билим алып, республикадагы алдыңкы мектептердин катарына кирген. Мектепте шаталовдук метод менен окутулуган эксперименталдык математика класстары ачылып, дүйнөлүк олимпиадада алдыңкы орундарды багындырган. Кийинчерээк мектеп-гимназия класстары бар эксперименталдык мектепке айланып, кошумча шарттар жаралып, гимназия класстарынын мугалимдерине кошумча акылар төлөнүп, кошумча сааттар ажыратылып, мектептин билим берүүсүнүн сапаты жогорулаган. Мурдагы мектептин имараты эскиргендиги үчүн жаңы типтүү мектеп курулган. Мурунку имаратынан жарактуу делген бөлүгүндө балдардын чыгармачылык мектеби жайгашып, балдарга кошумча билим берилип келген. 2003-жылы ашар ыкмасы менен курулган, эскилиги жеткен имаратта бир да лаборатирялык кабинеттери, спорттук залы, акты залы жок, гимназия статусуна жооп берүүчү шарттарына жооп берилбесе да, мектеп-гимназия ачылган.

Албетте, балдардын билиинм тереңдетүүчү мектептин ачылышын ата-энелер, бийлик колдогон. Жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарынын ырастоолорунда, кезегинде гимназия мектебин күчтүү бүтүргөн окуучулар деле катталган. Бирок мындай натыйжаны айыл аймактагы башка мектептер деле берип жатат. Акыркы жылдарда гимназия мектебинин билим берүүдөгү жетишкендиктери аймактагы жалпы билим берүүчү мектептердей эле көрсөткүчтү берип, гимназия статусун кармап калуу максатында сынактарга башка мектептерден окуучуларын гимназиянын мектебинин окуучусу катары алып барышкан учурлар катталган. Жалпы республикалык тестирлөөдөн деле жарытылуу упай топтой элек. Ага караганда Ажек, Жаңы-Шар, Совет мектебинен жакшы упай алууга жетишип жаткандар бар. Ошондуктан айылдык кеңештин депутаттары гимназия класстары бар мектеп уюштуруу же жалпы гимназия статусун алуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.

1-Май айылдык кеңештин төрагасы Н.Абдраимов балдардын коопсуздугун ойлоп жатышкандыгын айтты. «Биз гимназия мектебин жок кылып жиберүүнү көздөгөн жокпуз. Ошол мектепке жанаша турган 3 кабаттуу мектеп турат, үчүнчү кабаты бош, ошол жерге көчүрөлү дедик. Статусун сактап бергиле деп суранып жатабыз. Тескерисинче, гимназиянын айрым мугалимдери мени «эски имаратты сатып алып, кафе курат экен» деген сөз таратып жиберишиптир. Мектеп имараттары сатылган эмес, жогорку бийлик буга кымындай да жол бербейт», - деди ал. Ошондой эле ал гимназияга кабыл алаарда балдардын ата-энесинин капчыгына да маани берилген учурлар болорун билдирди.

Айыл өкмөт башчысы Муктар Шербаев да эки мектептин бириктирилишин колдойт жана гимназия статусу сакталып калышы керек деп эсептейт. Эгер мектеп бириктириле турган болсо, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаты үнөмдөлө баштайт. Балдардын билим алуусу үчүн толук шарттар түзүлөт, лабораториялар, атайын адистешкен кабинеттер, спорттук зал, акты залдары менен кошо камсыз болот.

«Атайын ийримдер адистешкен бөлмөлөрдө өтө баштайт. Бул окуучулардын терең билим алуусуна түрткү берет. Ал эми эски имараттын жарактуу бир бөлүгү 120 орундуу бала бакчага айланат. Анткени Айры-Там айылында болгону 170 бала бала бакчага барат, 1300 наритсе бала бакчага муктаж болуп турат. Айыл аймакта 5 мектеп болсо, үчөөсү авариялык абалда. Жаңы-Курулуш айылындагы мектептин курулушу бүтө элек. Министрлик ушул жагдайларды эске алса жакшы болот эле. Окуу жылынын аягында гимназия-мектеп жетекчилиги орто мектептин 3-кабатына көчүүгө макул болушкан. Биз бюджеттен каражат бөлүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бердик», - дейт айыл өкмөт башчысы.

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдукулованын айтымында, алар да Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгына 2 мектепти бириктирүү боюнча кат жолдогон. Айры-Там гимназия мектебинин окуу тарбия иштери боюнча эч кандай кемчиликтери жок. Бир аз түшүнбөстүк орун алып, директор алмашкандан кийин баары өз нугуна түшүп, билим берүү жакшырган. Жылыштар бар. М.Алымбеков мектебинин мугалимдери изденүүлөрү керек, билим берүү сапаты жакшыртылыш кажет. Бизге айыл өкмөт башчысы да 2 мектепти бириктирүүнү сунуштаган, биз макул болгонбуз. Жеринде көрүп, бириктирүү жагын карап, анан министрликке кат жолдогонбуз. Бирок мектептин лицензиясынын мөөнөтү бүтө элек, ушул жылдын декабрь айында бүтөт. Министрлик тарабынан аталган мектепке ноябрда текшерүүгө бара тургандыгын, гимназия-мектеп статусунун талаптарына жооп бербесе, жөнөкөй мектепке кошсо боло турганы боюнча жооп келген. Орто мектептин мугалимдери жакшылып иштеп берсе, 2 мектеп бириктириле турган болсо, анда иновациялык мектептердин катарына кошууга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз», - -дейт Чынара Турдукулова. .

Мектеп-гимназиянын жетекчиси Зуура Тажикеева жакында келүүчү аттестациялык комиссиянын чечими бул маселеге чекит коёрун айтат. Анын пикиринде, аталган мектеп оптимизация болуучу билим берүү мекемелеринин катарына кирбейт. Эгер 2 короодо эки жалпы билим берүүчү орто мектеп болгондо, бириктирсе жарашмак. Гимназия талабына ылайык, негизи мектептен жакшы окуган окуучулар тандалып алынат, ошондуктан жанаша тургандыктары мыйзамдуу эле көрүнүш. «Биз биринчи бул имаратка көчүп келгенде абдан оор шартта болчу. Ата-энелердин демөөрчүлүгү менен баарын калыбына келтирип, жакшыртып алганда 2 мектепти бириктирүүнү каалагандарга таң калып жатам. Айылдык кеңештин депутаттары бир мектептен келип кабар алышпайт. Бириктирүү боюнча сессияда оозеки айтылганда мен да өз пикиримди айткам. Биздин мектеп авариялык абалда эмес, капиталдык оңдоого муктаждардын тизмесине киргизилди. Кошууга негиз жок деген ойдомун. Балдардын билими боюнча, эң жакшы көрсөткүчтөргө жетишип жатабыз. Ата-энелер деле бириктирилишине каршы. Биздин кийинки жылдан кандай иш кыларбызыдан аттетациялык комиссиянын корутундусуна гана көз карандылык бар. Балдар эч кандай социалдык абалына карап бөлүп албайбыз. Биз жакшы окуган балдарды тандап алабыз», - дейт мектеп директору.

Ала-Бука районунда болгону 2 гимназия мектеби бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up