Миң-Куштагы Н.Крупская мектебине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 компьютер алынды

Билим АКИpress - Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Н.Крупская атындагы орто мектебине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 компьютер алынып берилди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Канат Алмамбетов билдирди.

Анын маалыматына караганда, Миң-Куш айыл өкмөтү жана депутаттар менен бирдикте жергиликтүү бюджеттен жалпы 329 миң 650 сомго 10 компьютер бардык программасы менен алынып келинип, алар интернет тармагына кошулду. Аталган мектепте буга чейин компьютер жабдыктары жетишсиз болуп келген. Эми бул көйгөй жергиликтүү кеңештин депутаттарынын салымы менен жөнгө салынды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up