Кадамжайдагы мектептер арасында жарандык коргонуу боюнча сынак өттү

Билим АКИpress - Кадамжай районунунда жарандык коргонуу боюнча мектептер арасында кароо-сынак болуп өттү. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, кечээ, 25-сентябрь күнү Кадамжай шаарындагы А.Масалиев атындагы орто мектебинде район аймагындагы мектептер арасында жарандык коргонуу боюнча кароо-сынак өттү. Сынак «Жарандык коргонуу балдырдын көзү менен» темасы алкагында өзгөчө кырдаалдар учурунда кантип сактануу керектиги боюнча өттү. Анда А.Масалиев жана С.Тешеев атындагы орто мектептеринин окуучулары өздөрүнүн ыкчамдыгын, өзгөчө кырдаалдар учурунда даярдыктар бар экендигин тастыкташты.




Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up