Видео — Сабактан качып, компьютердик клубдан кармалган балдардын биринин ата-энеси окуучуларды милицияга алып келип, сыналгыдан көрсөткөнүнө нааразы болууда

Видео — Сабактан качып, компьютердик клубдан кармалган балдардын биринин ата-энеси окуучуларды милицияга алып келип, сыналгыдан көрсөткөнүнө нааразы болууда

Билим АКИpress - Бакай-Ата РИИБинин кызматкерлери 21-сентябрда жаш өспүрүмдөргө карата рейд жүргүзүшүп, текшерүү учурунда №1 В.Ленин атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучулары сабактан качып, компьютердик клубга барышканын аныкталган. Аларды милиция бөлүмүнө алып келип, түшүнүк кат жаздырышкан. Ошондой эле балдардын ойноп жатканы сыналгыдан көрсөтүлгөн. Бул тууралуу окуучулардын биринин атасы Бекболот Чикетаев билдирди. Ал окуучулар кылмыш кылбаса, эмнеге милицияга алып келгенине жана сыналгыдан көрсөткөнүнө нааразы болууда.

«Менин уулум Бакай-Ата районунун №1 В.Ленин атындагы орто мектебинде билим алат. Өткөн бейшемби күнү, 21-сентябрда, түштөн кийин үйдөн жубайым чалды. Ал 9- класста окуган балабыз милицияда отурганын айтып, келишимди суранды. Мен өзүм Кара-Буура районунда иштейм. Ал жактан Бакай-Атанын РИИБине келдим. Кирсем, жаш өспүрүмдөр менен иштеген кызматкер, мектептин тарбия иштери боюнча адиси олтурган экен. Эмне болду деп иштин чоо-жайын сураганымда, алар түшкү саат 12лерде жаш өспүрүмдөргө карата рейд жүрүп, ошол учурда баламды 3-4 классташы менен чогуу интернет клубдан кармашканын айтышты. Териштире келсек, мектепте 4-сабакка мугалим кирбей, балдар сабактан качып кетишкен экен. Менде ошол жерден суроо пайда болду: Эмнеге окуучуларды милицияга алып келишти? Эмне үчүн булар бул жерде олтурат, булар кылмыш кылдыбы, уурулук кылдыбы же арак ичтиби, түшүнгөн жокмун. Балдар мектептен, сабак учурунда качып кетсе, мектепте административдик чара көрүлүшү керек эле да. Уулум түшүнүк кат жазып берген экен. Мени да жаз дешти. Мен эмнеге жазам? Жазбайм дедим. Андан кийин социалдык маселелер боюнча акимдин орун басарына бардык. Ал дагы туура эмес деди.

Үйдөн балама апасы экөөбүз түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. «Балам бизди уят кылдың» деп айтып жаттык. Бир маалды апасы жини келип, «мынчалык эмне урушасың, директор кошунабыздын үйүндө деле балдар эрте мененки 9дан баштап саат 2ге чейин кара өрүк теришти, аларды эмне кармап кеткен жок?» деп күйүп жатты. Менин баламды 4-сабактан качып кетти деп изилдөө иштерин жүргүзүп жатышса, бул жакта 8-класстын окуучулары сабак учурунда эртеден бери өрүк терип жүрүшөт. Аябай жиним келди. Тартипти сактай турган адам кайра үйүнө иштетет. Буга башка дагы күбөлөр көп. Эмне үчүн ошол күнү сабакка мугалим кирген эмес деп айткым деле келген эмес. Өзүм иликтесем, мектептин эркек мугалимдери да ошол күнү директордун талаасына барып, төө буурчак жулуп жатышыптыр.

Кызык, мектеп окуучулары үйүндө өрүгүн терип жатышса, талаасында эркек мугалимдер иштеп жаткан экен. Дагы суроо болуп жатат: Баягы мектеп окуучуларына карата рейд учурунда Таластагы телекөрсөтүүлөрдүн бири балдардын ойноп жаткан жерин тартып кетиптир. Ошол эле күнү кечинде 9-класстын окуучуларын, анын арасында менин уулум да бар, эфирге чыгарышкан экен. Ошол учурда баламдын телефонуна билдирүүлөр келе баштады. «Сен Таластын жылдызы болдуң го, сен мындай болуп чыктың» деп жазып жатышты. Баламдын көпчүлүк классташтары көргөн экен. Негизи, жаш өспүрүмдөрдү ушундай негативдүү багытта эфирге чыгарганга акысы барбы?», - деп айтып берди ал.

Аталган мектептин директору Курманбек Мамбеталивдин айтымында, «мугалимдерди талаасына иштетти» деген сөздөр чындыкка дал келбейт. «Мен талаага акы төлөп иштетем. Бир мугалим акча керек деп талаама барганы чын. Бирок мен ага акысын бердим да, жаман атты кылып, мугалимдер барып иштеди деп айтуу туура эмес. Окуучулар болсо жыл сайын карылар күнүнө карата сабактан кийин класс жетекчиси менен барып, карыларга жардам беришет. Мен да жубайым экөөбүз тең пенсионербиз. Үйдө экөөбүздөн башка адам жок. Карылар күнүнө карата жыл сайын «Тимуровчулар» отряды келип, 5 кары үй-бүлөгө жардам беришет. Биздикине келип 1 жолу өрүк тергендери чындык. Бакай-Ата районунун социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары да чакырып алып, «сиз эмнеге үйүңүздө иштеттиңиз?» деп сураганда, так ушинтип жооп бердим. Ал башканыкына барса меникине барганы туура эмес экенин айтты.

Рейддеги окуучулар боюнча айтсам, жаш өспүрүмдөр арасында рейд жүрүп, анан аларды кармап алышкан. Райондук ички иштер бөлүмүнөн жазылган түшүнүк каттар мектеп администрациясына өткөрүлүп берилген. Телкөрсөтүүгө балдардын чыкканын өзүм көргөн жокмун. Бирок мен жаш өспүрүмдөрдүн мындай багытта телекөрсөтүүлөргө чыгуусуна каршымын», - деди мектептин директору.

Ал эми акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Жакшыгул Узакбаеванын айтымында, мектепте окуп жаткан баланы ЖМКга жарыялоодо ал баланын пикирин угуп, ата-энесинин макулдугу менен гана жайылтууга болот. Анткени ал бала ата-энеси же камкорчусунун көзөмөлүндө болуп жайылтылат. Уруксат болбосо, ачык тартып, ысымын чыгарууга болбойт. Тарбиялык максатта, жалпы типте гана тартып жайылтууга уруксат берилген», - дейт ал.

Талас ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 20-сентябрь күнү Бакай-Ата райондук администрациясынын алдында балдар менен иштөө комиссиясынын төрайымы А.Шамбетованын жетекчилиги астында координациялык кеңешме болуп өткөн. Анда Бакай-Ата районунун прокурору З.Жумабеков жана Бакай-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Дооронбеков райондогу мектеп директорлору, тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана ата-энелер комитеттери менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Талас ТРнын коштоосунда кеңешме өткөрүлгөн.

Ал кеңешменин отурумда Бакай-Ата районунун В.И.Ленин атындагы орто мектебинин ата-энесинин бири «Биздин балдар бизден уруксат сурап, же болбосо, сабактан качып компьютер оюндарына барышат экен» деди. Жыйын бүткөндөн кийин кеңешмени жетектеген А.Шамбетованын буйругунун негизинде Талас ТРнын өкүлдөрү, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Г.Арызбаева жана Бакай-Ата РИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте Бакай-Ата районунда жайгашкан компьютердик оюн залдарына текшерүү жүргүзүшкөн.

Текшерген учурда «Зенит» сурөтканасынын ичиндеги компЬютердик оюн залдан В.И.Ленин атындагы мектептин 9-классынын окуучулары кармалышкан. Аталган факты боюнча ата-энелерин жана тарбия иштери боюнча директордун орун басарларлары чакыртылып, сураштыруу жүргүзгөн учурда окуучулар мектептен 4-сабак бүткөндөн кийин 5-6-сабактарга катышпай, качып кетишкендиги аныкталган. Алар бул тууралуу өз түшүнүк каттарында да жазышкан. Аларга карата КРнын Административдик чара көрүү кодексинин негизинде тиешелү чаралар көрүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up