Нарында мугалимдер менен тарбиячылар сынакта ат салышты (сүрөт)

Нарында мугалимдер менен тарбиячылар сынакта ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Нарын облусунда билим берүү кызматкерлеринин арасында «Ааламга жол айыл мектептеринен башталат - 2018» кароо-сынагы өтүп жатат. Анын алкагында кезектеги таймаш Ат-Башы районундагы Боогачы орто мектебинин мугалимдери менен Ак-Талаа районундагы «Тынчтык» бала бакчасынын тарбиячылары ортосунда өттү.

Сынактын жүрүшүндө командалар 5 бөлүмдөн турган тапшырмаларды аткарышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Анда катышуучулар калыстарга саламдашуу, бий, турмуштук көрүнүштөрдү сахналаштырышуу, эстрада жылдыздарын даңазалоо боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Калыстар эки командага тең жакшы бааларын беришип, облустук сынакка мыктыларын тандап алышты. Сынактын жыйынтыктоочу концерти мугалимдердин кесиптик күнүнө карата өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up