Кочкордогу С.Орозбаков атындагы мектептин директору болуп Нурлан Бакиров дайындалды

Кочкордогу С.Орозбаков атындагы мектептин директору болуп Нурлан Бакиров дайындалды

Билим АКИpress - Кочкордогу Сагымбай Орозбаков атындагы орто мектебинин директору болуп Бакиров Нурлан Акимказиевич дайындалды. Бул тууралуу Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалымат боюнча, буга чейин аталган мектепте көп жылдар бою Мамыркул Осмонов директорлук кызматты аркалап келген. Ал жакында эле ардактуу эс алууга узаган.

Нурлан Бакиров 1970-жылы 28-декабрда Кочкор районуна караштуу Кош-Дөбө айылында туулган. 1991-1995-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун дене тарбия жана аскерге даярдоо бөлүмүн аяктаган. 1996-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Сагымбай Орозбаков атындагы орто мектепте дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо мугалими болуп иштеп келди. Ал ошондой эле Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты.

Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 2 кыздын атасы. Жубайы Өмүрбай кызы Чынара да аталган мектепте орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенет.

IMG-20180924-WA0001

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up