Нарында мугалимдер арасында спартакиада старт алды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунда мугалимдердин кесиптик күнүнө карата мугалимдер арасында спартакиада башталды.

2 күнгө созулган мелдеште аялдар жана эркектер арасындагы командалар стол үстүндөгү теннис, шахмат, волейбол оюндары боюнча күч сынашат. Иш-чараны Нарын шаардык билим берүү бөлүмү менен кесип бирликтеринин шаардык комитети биргелешип уюштурган.

Спартакиаданын соңунда жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан кызыктыруучу баалуу белектер жана дипломдор тапшырылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up