Жаңы-Тилек айылындагы окуучуларга аскердик-прикладдык мелдеш уюштурулду

Жаңы-Тилек айылындагы окуучуларга аскердик-прикладдык мелдеш уюштурулду

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылындагы С.Жусупбаев атындагы орто мектебинин окуучуларына прикладдык спорттук мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу аталган мектептин директору Мирбек Чырмыев билдирди.

Анын айтымында, райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде аскерге чейинки уландардын сабагын күчөтүү, патриоттук сезимдерин өстүрүү жана чыдамкайлыкка тарбиялоо максатында аскердик-прикладдык спорттук оюндар өткөрүлдү.

Аскерге чейинки даярдоо мугалими Эсенбек Болжуров уюштурган бул мелдешке 9-10-11-класстардын окуучуларынан куралган «Улуттук» жана «Альфа» командалары жалпы 7 тапшырма аткарышты.

Мелдеш 2 команданын тең чыгуусу менен аяктап, дипломдор ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up